Admin

Туура тамактанган адам ооруга аз чалдыгат жана тез сакаят.

    • 1

    Ар бир адам даамдуу тамакты жегенди жакшы көрөт. Бирок, ал организмге канчалык деӊгээлде пайдалуу же зыян  экендигине көп деле маани бербейбиз. Ден соолуктун чыӊ болушундагы эӊ маанилүү нерсе бул - туура тамактануу. Окумуштуулардын айтымында оорунун 99 пайызы туура эмес тамактануудан келип чыгат.  Немис окумуштууларынын изилдөөсүндө Борбордук Азия чөлкөмүндө туура эмес тамактануудан улам каза болгондордун саны боюнча Өзбекстан 1-орунда, Түркмөнстан 2-орунда, Кыргызстан 3-орунда турат экен. Анда көрсөтүлгөндөй биздин өлкөдө 100 миӊ кишинин 350сү туура эмес диетадан улам көз жумат.

    «Тамак-аш жүрөккө пайдалуу заттар менен байытылышы керек»


    Адамдын мүнөзү, спецификалык жыты, физиологиясы, жада калса картаюу процесси биз жеген тамак-аштардан көз каранды экенин окумуштуулар далилдешкен. Ден соолугуӊуз чыӊ болуп, жаштыгыӊызды көпкө сактайм десеӊиз, туура тамактануу режимине түшүӊүз. Себеби, туура эмес тамактануунун адамдарга терс таасирин тийгизерин же башкача айтканда, ден соолукка коркунуч туудурарын эске  салуу өтө маанилүү. Туура эмес тамактануу жүрөк кан  тамыр органдарынын жабыркоосуна алып келет. Алсак: жаныбарлар майын (кой, жылкы, уй этинин майлуу жерлерин колдонуу) кандагы холестериндин көлөмүн гана көтөрбөстөн, алардын кан тамыр бетине топтолуусуна, катмарлануусуна түздөн-түз шарт түзөт. Мунун өзү атеросклероз жана денени май басууга, кант диабетине алып келет. Ал эми туздун ашыкча болуусу (туздуу тамак) организмдеги суюктуктун чыкпай калуусуна, артериялык кан басымдын жогорулашына  алып келет.

    Туура тамактанган адам ооруга аз чалдыгат жана тез сакаят. Жүрөк кан тамыр ооруларын дарылоо максатында атайын тамактануу режими жана рацион түзүлөт. Организм тамак-аш аркылуу тиричилик аракетине зарыл болгон белок, май, углевод жана биологиялык активдүү заттарды, витаминдерди, минерал туздарды алат. Белоктор - тамак-аштын маанилүү составдык бөлүгүн түзөт. Белоктордун жардамында организмдин ооруга болгон туруктуулугу жогорулайт, кан клеткалары пайда болот да алардын калыбына келүүсү тездешет. Дан жана чанактуу өсүмдүктөр организмди белоктор менен камсыз кылууда негизги булак болуп саналат. Ал эми углеводдор - адам организминин нормалдуу жашоосуна зарыл болгон энергиянын жарымынан көбүн алып берет. Алар көбүнчө өсүмдүктөн алынган тамак-ашта болот. Айрыкча крахмал түрүндө нанда, акшакта, картошкада, кондитер азыктарында, таттуу мөмө-жемиштерде көп. Углеводдор зат алмашуу процессинде да белгилүү роль ойнойт. Бирок, кантты жогорку калориялуу тамак-аш менен кошо көп жегенде киши семирип кетет. Атеросклерозго эрте дуушар болот жана ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт.

    Майлар - организмге энергия берүүчү зат болуп саналат. Алар белокторду, айрым минерал туздарды, майда эрүүчү витаминдерди сиӊирүүгө жардам берет. Тамак рационуна май сымал заттарга холестерин жана лецитин кирет.  Холестерин нерв системасынын жакшы иштөөсүнө шарт түзөт. Малдын майында, жумурткада, икрада, мээде, боордо, бөйрөктө холестерин көп болот. Ал эми лецитин - организмдин өсүшүнө   жардам берет. Нерв системасынын, боордун иштешин жакшыртат, кан пайда болуусун күчөтүп, организмди ууланууга туруктуу кылууга жардам берет. Лецитин гречкада, буудай акшагында, буурчактарда жана салатта көп болот. Негизи, адамдын тамак-ашы жүрөккө пайдалуу заттар менен байытылышы керек.

    «Тамакты кайнатуу же бууда бышыруу өтө  пайдалуу»


    - Жүрөк кан тамыр ооруларына чалдыкпоодо тамактануунун эки эрежесин так сактоо зарыл:

    - көп түрдүү тамактануу;

    - пайдасыз, жүрөккө зыян келтирүүчү жана холестерин бляшкаларын пайда кылуучу заттарды колдонбоо.

    Туура тамактануунун биринчи максаты - кан тамырларынын чоюлчаактыгын жана жылмакайлыгын жакшыртуу. Тамак-аштын курамында сөзсүз түрдө эт, балык, ботколор, сүт азыктары, жашылча мөмө-жемиштер болуусу керек. Оорулууга байытылбаган кислоталар жана калийге бай азык заттар сунушталат:

    - мөмө-жемиштер, бадыраӊ, помидор, кызылча, алма, алмурут, карагат, курма, өрүк как, малина, апельсин, мандарин;

    - сүт азыктары;

    - гречка, буудай акшагынан жана арпа акшагынан даярдалган ботколор;

    - курамында магний көп азыктар: петрушка, салат, буурчак ашкабак, дарбыз.

    Тамакта малдын майына караганда өсүмдүк майына басым жасоо керек. Балык азыктарын көп колдонуу ден соолукка өтө пайдалуу. Тамак-ашты бышырууда кайнатуу, буу менен же болбосо дымдап бышыруу талапка ылайык. Отко какталган, куурулган тамак-ашты чектөө дурус. Шириндиктерден шоколад, кофе, какаого тыюу салынат. Анын ордун мөмө-жемиш жана бал менен толуктаса болот. Нанды да өз өлчөмүндө колдонуу зарыл. Консервалар, соустар, чипсы, сосиска, колбаса, ар түрдүү татымалдар (приправалар), ышталган, майлуу, туздуу, курамында кофеин бар азык заттар, алкоголдук ичимдиктер жүрөк үчүн эӊ зыяндуу заттар болуп саналат. Тамактын төрттөн бир бөлүгүн жеӊил сиӊүүчү белоктор түзүүсү керек.

    Тамакты туура жеш да өтө маанилүү


    Негизи адам күнүнө 4 ирет белгиленген убакта тамактануусу керек: эртеӊ менен, түштө, күүгүмдө жана кечинде. Тамакты туура жеш да өтө маанилүү. Мисалы: тамакты майда чайнап, шашпай, жай отуруп жеш керек жана тамактын температурасын да эске алуу зарыл. Тамак муздак же өтө ысык болсо, ашказандын шамалдашына, жара пайда болушуна алып келет. Жатаарга 1,5-2 саат калганда тамактанып, андан соӊ көпкө чейин активдүү кыймылда болуу шарт. Жатаарда 1 стакан айран ичсек, организмибиздеги микрофлора жакшырат. Мындан тышкары жумасына 1 жолу жалаӊ гана сүт азыктары менен азыктануу, 1 жолу балык жеп туруу жана 1 жолу жашылчалар менен гана азыктануу сунушталат. Бул процесстер организмдин чыӊ болушун көзөмөлдөйт жана иммунитетти көтөрөт.

    Тамак-аштын жетишсиздиги организмди басаӊдатат


    Жаӊы жана ар кандай пайдалуу азыктар ден соолукту сактоонун милдеттүү шарттарынын бири. Туура уюшулган тамактануу дененин жана акыл-эстин нормалдуу өсүшүндө зор мааниге ээ. Тамак-аштын жетишсиздиги өнүгүүнү жана өсүүнү кечиктирет, организмдин ар кандай ооруларга каршылык көрсөтүүсүн төмөндөтөт. Өтө көп болушу болушу - зат алмашуу процессин, ашказанды бузат. Тамактар ар түрдүү болгону жакшы. Бир түрдүү тамактануу табитти начарлатат. Белоктуу жана углеводдуу тамакты айкаштыруу көпкө чейин ток сезимди жаратат. Куурулган тамак карында көпкө кармалат да, карындын иштөөсүн оордотот.

    Канттын көп болушу диабет оорусуна чалдыктырат. Тамак-ашта өсүмдүк майын колдонсо жеӊил болот. Малдын майларынын көп болушунан зат алмашуу, тамак сиӊирүү бузулуп адамдын салмагы көбөйөт. Тамактануу учурунда ченеми менен тамактануу керек. Анткени ашыкча тоюу ден соолукка зыян.

    Колдон келишинче, буурчак, сүт, жумуртка, жер жаӊгак, балык жана эт сыяктуу организмдин өсүшүнө жардам берүүчү азыктарды ар күнү колдонуп туруу зарыл.

    Туура тамактанууда төмөндөгү эрежелерди сактоо зарыл!


    • Тез даярдалуучу тамактарды таптакыр алып салуу (фаст фуд);

    • Майлуу, куурулган, ышталган, таттуу жана туздуу тамакты азыраак талап кылуу;

    • Ундан жасалган тамак-аштын көлөмүн азайтуу;

    • Майсыздандырылган сүт азыктарын пайдалануу;

    • Күнүмдүк тамактанууда жашылча жемиштерди көбүрөөк кошуу;

    • Ар дайым тамак ичердин алдында 15 мүнөт мурун 1 же 2 стакан суу ичүү;

    • Күнүнө суу ичүү нормасы: 1,5-2 литр;

    • Зыяндуу жана таттуу тамактарды күндүзгү 12ге чейин жеш керек;

    • Күндө жеп жаткан тамактын катарына жер жемиштерди да кошуу;

    • Ден соолукка жана сулуу келбетке да зыяндуу чучук, фаст-фуд сыяктуу тамактардан баш тартуу;

    • Уктоодон  3-4 саат мурун тамак ичүү зарыл;

    • Жумасына 1 жолу жеӊил тамактар менен тамактануу (быштак, көк чай сыяктуу);

    • Тамакты суу ичип отуруп ичпеш керек. Тамак ичип бүткөндөн кийин 40 мүнөт ичинде суу ичпеӊиз;

    • Күнүнө 20 грамм май (көкүрөк, чач, тери үчүн) жеш керек. Эртеӊ менен ач карынга зыгыр майын ичкенге да болот;

    • Эртеӊ мененки тамакты ичүү өтө зарыл;

    • Нан азыктарын жана таттуу тамактарды жегенди азайтып же болбосо таптакыр жебей койгон жакшы.

    Похожие публикации