Admin

БӨЙРӨК ИШТЕБЕЙ КАЛГАНГА ЧЕЙИН ЭЧ КАНДАЙ БЕЛГИ БИЛИНБЕЙТ

    • 1

    Жасалма бөйрөккө жана бөйрөктү алмаштырууга аргасыз болгон жарандарыбыздын саны барган сайын өсүүдө. Редакциябызга жардам сурап кайрылган оорулуулар өтө көбөйдү. Көпчүлүгү гемодиализ аппаратынын жардамы менен жашап жаткандар. Мындан улам бөйрөктүн иштен чыгышынын себеби эмнеде, кантип алдын алууга болорун изилдеп көрдүк.

    Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Баймырзаева:

    «Бөйрөк оорусунун түрлөрү көп»


    -Акыркы убактарда Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө бөйрөк оорусунун күч алганын байкоого болот. Мунун эӊ негизги себеби химиялык кошулмалары бар тамактар менен азыктанып жатканыбыз жана экологиянын бузулушу. Бөйрөк адам организмде көп функцияларды аткарат. Алардын негизгилеринин бири организмдеги суюктуктардагы микробдорду бөлүп, заара аркылуу ичти тазалап туруу. Башка оорулардай эле бөйрөк оорусунун да түрлөрү көп. Өнөкөт бөйрөк оорусунан башка бөйрөк ооруларынын бардыгы алдын ала белгилер менен билинет. Маселен, зааранын кан аралаш чыгышы, көздүн алды шишип кетиши, кулактын начар угушу сыяктуу белгилер билинсе дароо дарыгерге кайрылып, алдын алууга чоӊ мүмкүнчүлүк пайда болот. Ал эми өнөкөт бөйрөк оорусу бир аз коркунучтуураак дарт. Анын бөйрөк иштебей калганга чейин эч кандай белгиси билинбейт. Кадимкидей соо адамдай жашап жүрө берет. Качан гана бөйрөк чирип калганда, иштебей калат да заара бөйрөккө топтолуп калат. Мындай учурда адам оор абалда бизге кайрылат. Качантан бери ооруйт элеӊ деп сурасаӊ «өмүрүмдө биринчи жолу ушинтип оорудум» деп жооп беришет. Бөйрөк иштебей калган учурда диализ аппаратына жөнөтөбүз.

    «Тукум куучу оорулардын катарын толуктайт»


    - Бөйрөк оорусу менен ар бир эле адам оорушу мүмкүн. Дегеним, бул оору тукум куучу ооруларынын катарын толуктайт. Көбүнчө энеден кызына өтөт. Уул балдарына да өткөн учурлар кездешет, бирок чанда гана. Жогоруда айтканымдай, бөйрөк оорусу менен ооругандардын баары эле гемодиализге (жасалма бөйрөккө) жата беришпейт. Алдын алып, убагында дарылатып турса өмүр бою соо адамдардай эле жашай алат. Мисалы, биздин бөлүмдө 87-жылдан бери дарыланып келген бейтап бар. Гемодиализге жеткирбей дарылап келебиз. Жылына эки жолу келип дарыланып кетет. Бир тууганыбыз келгендей тосуп алып, узатып турабыз. Андан сырткары көпчүлүк жарандарыбыз оорунун белгилерин билип туруп да өз алдынча дарыларды ичип, элдин оозунан уккан ыкма менен дарылоого аракет кыла беришет да качан гана өрчүшүп кеткенде бизге келишет. Колубуздан келсе гемодиализге жеткирбей дарылап калууга аракет кылабыз. Ал эми өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркагандарга бир гана гемодиализ же бөйрөк алмаштыруу ыкмасы гана жардам бере алат. 

    «Бир бөйрөк менен төрөлгөндөр да бар»


    - Өзүӊүздөр билгендей эле оорунун түрлөрү көп. Жогоруда айтпадымбы, бөйрөгү ооругандын баары эле диализ аппаратына жатпайт деп. Ага чейин ооруп келген бейтапка невролог, урологдор гемодиализге жатып калбашы үчүн колунан келген жардамды көрсөтүп келебиз. Туздуу тамактарды көп жегенден улам бөйрөктө таш пайда болуп калат. Мындай  учурда бейтаптын бир бөйрөгүн алып салууга туура келет. Бир бөйрөк менен төрөлгөндөр да бар. Бир бөйрөк менен төрөлгөн жарандар мурун байкалчу эмес. Качан гана ооруп, ооруканага келип көрүнгөндө билинчү. Азыркы учурда техниканын өнүккөн заманы, эненин карынында жаткан баланын бүт органын соо же соо эмес экенин көрүп, алдын ала айтууга болот. Бир бөйрөк менен төрөлгөн адамдын организми төрөлгөндөн баштап бир бөйрөк менен иштөөгө көнүп калат. Жакында эле бөйрөгү ооруп бир аял келген, 8 баланын энеси. Тубаса бир бөйрөктүү аял ушул убакытка чейин бир эле бөйрөгү бар экенин билген эмес. Мындай учурлар көп, 60тан ашып калган агамдын бир бөйрөктүү экенин 5-6 жыл мурун эле билдик. Демек, бөйрөктүн иштөөсү адам организминен да көз каранды. Ал эми эки бөйрөк менен төрөлгөн адамдын бир бөйрөгүн алгандан кийин организм ага көнбөй, кыйналган учурлар да болот. Себеби, башынан организм эки бөйрөк менен иштөөгө көнүп калган.

    «Бөйрөк сууну аз ичүүдөн да жабыркайт»


    - Бөйрөк тубаса оорудан сырткары туура эмес тамактануудан, абанын бузулушунан жана суюктукту аз ичүүдөн да жабыркайт. Анткени бөйрөк суюктук менен азыктанат. Адам күнүнө 1,5-2 литрге чейин суу ичип туруусу керек. Түштүктө бөйрөк оорусуна кабылгандар көбүрөөк кездешет. Себеби, бизде аба салыштырмалуу жылуу болот. Жылуулукта адам организми сууну көп талап кылат. Ал эми биз сууну көп иче бербейбиз. Тамактанганда гана тамак менен кошо чай ичип коебуз. Бул нерсе бөйрөккө таасирин тийгизбей койбойт. Бир гана бөйрөк оорусу менен ооруганда гана бөйрөк жабыркайт деген ой да туура эмес. Жүрөк оорулары, кант диабети сыяктуу оорулар да бөйрөккө таасирин тийгизип, органды иштен чыгарат. Алсак, жүрөк оорусу бир гана бөйрөктү эмес, бардык органдын иштөөсүн начарлатат. Ал эми бөйрөктүн иштөөсүнүн начарлашы анын иштен чыгуусуна шарт түзүп берет. Кант диабети бөйрөктү кууратып, иштен чыгарат.

    «Алдын алуунун жолдору…»


    - Жасалма бөйрөк менен жашагандардын саны биздин өлкөдө көбүрөөк күч алган. Мунун себеби бизде бөйрөк алмаштыруучу дарыгердин жоктугу. Алсак, Түркияда диализ аппараты деген түшүнүк аз. Алар дароо бөйрөктү алмаштырып коюшат. Ал эми бөйрөк алмаштыруу аларда акысыз. Мамлекет тарабынан атайын акча бөлүнүп, бөйрөк алмаштырууга муктаж болгон жарандарды акысыз операция кылып, андан кийинки көзөмөл да күчтүү болот. Биздеги күч алган бул оорунун алдын алуунун бир гана жолу ар бир адам жылына жок дегенде бир жолу анализ тапшырып, өзүнүн ден соолугуна кам көрүшсө болмок. Эгерде анализде оорунун белгилери билинсе биз аны диализге жеткирбей убагында дарылап калмакпыз. Жогоруда мен айткан өнөкөт бөйрөк оорусун (ХПН) убагында байкап дарылап алууга да ушул жылына тапшырып туруучу анализ жардам бермек. Анткени, заарадан анализ тапшыруу эле бөйрөктөгү ооруларынын бар же жок экенин аныктап чыгарып берет. Адам ооруганда эмес, ооруганга чейин дарылануусу керек…

    Ахунов Нышан, жасалма бөйрөк бөлүмүнүн башчысы: 

    «Бизде диализ аппараты бекер…»


    - Бөйрөк  суюктукту кандан бөлүп, андагы микробдорду заара менен кошо сыртка айдап чыгуучу орган болуп саналат. Орган суюктук менен азыктанат. Ал эми бөйрөк иштен чыккандан кийин заарадагы микробдор топтолуп, адам организмине чоӊ зыян алып келет. Биздин өлкөдө бөйрөк алмаштырууга шарт жок болгондугуна байланыштуу бүгүнкү күндө диализ аппаратына муктаж адамдардын саны өсүүдө. Диализ аппараты бөйрөк аткарган фунциянын барын аткарат. Бейтап диализ аппаратына 4 саат жатат. Ал убакыт аралыганда кан менен сууну бөлүп, заара аркылуу эки күн ичинде чогулган микробдорду сыртка айдап чыгат. Бүгүнкү күндө биздин бөлүмгө 38 жаран келип гемодиализге жатып кетишет. Бөлүмдө 4 аппарат бар. Адам организмине жараша жумасына 3 же 4 жолу келишет. Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен бизге жиберилген бардык жаран акысыз диализ аппаратын колдоно алышат. Диализ аппаратына муктаж жарандар ооругандыгын тастыктаган аныктама жана паспортунун көчүрмөсү менен жогоруда айткан комиссияга арыз жазышат. Комиссия анализдерин жана арызын карап көрүп, бизге жиберет. Андан сырткары диализ аппаратын иштеткен жеке ооруканаларга да ММКфонду тарабынан акысыз дарыланышса болот. Ага да жогоруда мен айткан документтер керектелет.

    P.S. Бизге жардам сурап кайрылган бейтаптар эмнегедир гемодиализге бекер жаттым дешпеген эле, көрсө министрликтин комиссиясынан өткөн бейтаптарга бекер деген жери бар экен, муну дарыгерден сурасак, «мамлекеттик ооруканаларда да жеке клиникаларды ачып алышкан, ошолорго акчага беришет» деген жообун айтты. Бейтаптар болсо «мамлекеттик ооруканаларда кезек күткөндөр өтө көп болгондуктан, кезек күтпөйлү деп жеке менчик клиникаларга кайрылганбыз» дешти.

    Похожие публикации