Admin

Вирустуу гепатит менен кантип күрөшүү керек.

    • 1

    Бүгүнкү күндө вирустуу гепатитти көп кезиктирүүгө болот. Ооруну 2 түрдүү вирустар козгойт. Алар А жана Б вирустары. Бири жугуштуу гепатитти, экинчиси кан сары суу гепатитин козгойт. Жугуштуу гепатит менен ооругандар заңы менен вирус бөлүп чыгарып, айлана-чөйрөнү булгайт. Оорунун козгогучу дени соо кишиге вирус менен булганган тамак-аш, оюнчук, сүлгү, идиш-аяк, жуулбаган кир кол, чымын- чиркей жана чала стерилденген медициналык аспаптардан жугат. Вирус организмге жуккандан кийин 3-6 жумага кээде бир жылга чейин оорунун белгиси байкалбайт. Бул мезгилди инкубациялык мезгил деп коет.

    Оорунун белгилери

    - Оору башталганда адамдын алы кетип, тез чарчайт. Тамакка табити тартпайт, ооздун ичи ачуу даамданып, зарна болот, кекирет, окшуп кусат. Ичи ооруп, өтүшү мүмкүн. Кээде башы ооруп чүчкүрүп, мурун бүтүп, жөтөлөт, булчуңдар, муундар ооруйт, эт ысыйт. Оору кээде билинбейт, бирок жалпы абалы бир аз начарлайт. Оорулуу өзүн оору деп сезбегендиктен дарыгерге убагында кайрылбай, айланасындагыларга ооруну таратат. Мындай учурда оору күчөп кетиши мүмкүн. Дарылоо бир гана ооруканада, дарыгердин көрсөтмөсү менен гана жүргүзүлүшү керек. Убагында дарыгерге кайрылып, анын көрсөтмөлөрүн аткаруу оорулуунун тез айыгып кетүүсүнө түрткү болот.

    Ооруп айыккан соң диета кармоо керек

    Ооруп айыккан адам 6-12 ай режимди туура сактап, туура тамактануусу зарыл. Сүт азыктарын, жашылча-жемиш, майсыз эт, балык, минералдуу суу берүү сунушталат. Оор жумуш жасоого, спорт менен машыгууга, суукка урунууга, күнгө күйүүгө болбойт. Оорунун алдын алууда, оорулууну тезинен ооруканага жеткирип, ал жаткан бөлмөгө дезинфекция жүргүзүлөт. Оорулуу менен бирге болгондор, тааныш-туугандары дейли 45 күнгө чейин медициналык көзөмөлдө болот. Жаш балдарга гамма глобулин куюлат. 

    Похожие публикации