Admin

САСЫК ТУМООДОН САКТАНАБЫЗ!

    • 1

    Дүйнөдө бир жылда сасык тумоо менен 500 миллион адам ооруп, анын 2 миллиону оорунун тереўдеп кетишинен улам көз жумат. Мындай коркунучка кептөөчү сасык тумоо тууралуу маалыматтарды назарыўыздарга сунабыз.

    САСЫК ТУМОО КАНДАЙЧА ЖУГАТ?

    Сасык тумоонун вирусу организмге дем алуу жолдору (ооз, мурун) аркылуу кирет. Оорунун булагы болуп сасык тумоо менен ооруган адам эсептелет да, 5 (же андан көбүрөөк) күн ооруну алып жүрүүчү болуп саналат. Оорулуунун буюмдарын колдонгондо да вирус жугуп калышы мүмкүн.

    САСЫК ТУМООНУН БЕЛГИЛЕРИ

    Оору курч башталат. Бир нече саат ичинде эле дене табы максималдуу көтөрүлүп (39-400 жана андан жогору), 3–4 күнгө чейин сакталышы мүмкүн. Чыйрыгуу, тердөө, баш оору, көздүн жарыктан уялуусу, баш айлануу, булчуўдардын жана муундардын ооруй башташы сасык тумоонун белгилери. Оору башталгандан 2 күн аралыгында мурун бүтүү, катуу жөтөл, чүчкүрүү, көздүн кызаруусу, уйкусуздук жана шалдыроо күтүлөт. Жыл сайын күзүндө гриппке каршы эм¬дөөдөн өтүү зарыл!

    СҮТ ИЧҮҮГӨ БОЛБОЙТ!

    Сасык тумоо менен ооруганда денедеги уулар чыгышы үчүн суусундуктарды көп ичүү талапка ылайык. Бирок сүт ичүүгө болбойт. Анткени сүт денеде былжырларды шарттайт. КЫЗЫКТУУ Сасык тумоо менен ооруган адамдын шилекейинин 1 тамчысында 100 миўден 1 миллионго чейин вирустук бөлүкчөлөр болот. Тажрыйбада сасык тумоо менен ооруган 1 адам учакта баратып, 4 саат ичинде жүргүнчүлөрдүн 72 пайызына ооруну жуктурганы белгилүү болгон.

    ООРУ БАШТАЛГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КАЖЕТ?

    Суусундукту көп ичүү (бал менен чай, морс ж.б). Төшөктө жатуу. Дене табы 38,50 өйдө көтөрүлгөндө ысытманы түшүрүүчү каражат– интерферонду жана вируска каршы дары–ремантадин, альгирем же арбидолду кабыл алуу. Поливитаминдерди (же С витаминин) колдонуу. Мурунга оксолин дары майын сыйпоо.

    Похожие публикации